Аутизм, Даун синдрому бар балдардын ата-энелер көйгөйлөрүн айтышты

Аутизм, Даун синдрому бар балдардын ата-энелер көйгөйлөрүн айтышты

Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп району жана Балыкчы шаарындагы аутизм, Даун синдромуна чалдыккан балдардын ата-энелери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолгушууда ата-энелер эл өкүлү Максатбек Сарбагышевге бир катар көйгөйлөрүн айтышып, сунуштарын беришти.

“Республика боюнча аутизм, Даун синдрому менен ооруган балдардын  ата-энелери менен биргеликте көйгөйлөрдү аныктоо. Учурда мамлекет тарабынан балдарыбызга кандай кам көрүлүп жатат, муну менен катар дары дармектерин сатып алуудагы сиздин көйгөйлөрүңөр менен таанышуу”, — деген депутат бул багытта тоскоолдуктарды жараткан кээ бир мыйзамдарга өзөртүү киргизүү керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында аутизм, Даун синдрому жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына депутат Максатбек Сарбагышев да кирген.

Аутизм, Даун синдрому бар балдардын көйгөйүн депутаттык комиссия иликтейт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>