ТИМ: Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо системасы ишке кирүүдөӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат25-мартка карата аба ырайыКыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты.
Кыргызстандык боксчулар Бакуда өткөн мелдеште 2 коло медаль утушту
16.04.2025 | 14:21
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азербайжандын Баку шаарында өткөн “Улуу жибек жолу” эл аралык мелдешинде 2 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия агенттиги билдирди.
Мелдеш 11-15-апрель күндөрү өтүп, 9 мамлекеттен келген 175 мушкер катышкан. Кыргызстандын атынан барышкан Сагын Сатыбалды уулу (80 кг чейинки салмакта) жана Мырзакир Кошалиев (+92 кг чейинки салмакта) коло медаль утушкан.
Улутук курам машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт