Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаранга айып пул салындыБишкек ШИИББнин башчысынын мурдагы орун басары УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди — чоо-жайыКыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү каралууда«Чалдыбар» өткөрмө бекети 2027-жылдын аягына чейин жабылатКыргызстанда халал продукцияны QR-код жана сертификат менен сатуу сунушталуудаАйыл чарба техникасын лизингге берүүгө 45 млн доллар инвестициялык кредит тартылды
Кыргызстандык боксчулар Бакуда өткөн мелдеште 2 коло медаль утушту
16.04.2025 | 14:21
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азербайжандын Баку шаарында өткөн “Улуу жибек жолу” эл аралык мелдешинде 2 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия агенттиги билдирди.
Мелдеш 11-15-апрель күндөрү өтүп, 9 мамлекеттен келген 175 мушкер катышкан. Кыргызстандын атынан барышкан Сагын Сатыбалды уулу (80 кг чейинки салмакта) жана Мырзакир Кошалиев (+92 кг чейинки салмакта) коло медаль утушкан.
Улутук курам машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт