Кыргызстандык эгиз бир туугандар заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатынын финалына өттү

Кыргызстандык эгиз бир туугандар заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатынын финалына өттү

Бишкекте 22-23-июнда Fusion Concept qualifier Kyrgyzstan – заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатына тандоо таймаштары өттү. Иш-чара Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде болуп, бийчилердин өнөрүн көрүүгө бий сүйүүчүлөрү келди.

Уюштуруучулардын бири Александр Линин айтымында, айбройлуу делген Fusion Concept фестивалынын тандоо таймаштары Бишкекте быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат. Бул жарыштын Бишкекте өтүп жатканына letsdance.newera бий студиянынын негиздөөчүсү Жан Воиновдун салымы чоң. Жан Воинов аталган демилгени көтөрүп, Fusion Concept фестивалынын тандоо оюндарын жыл сайын уюштуруп келет.

«Бүгүнкү жарышка беш жаштан баштап чоңдорго чейин катышып жатат. Тандоо жарыштарына Россиядан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан бийчилер келди. Ошондой эле биздин бийчилер менен таймашып көрсүн деп Парижден атайын конок чакырдык», — дейт Ли.

Ли белгилегендей, заманбап бий боюнча ири жарыштарды өткөрүп туруу Кыргызстандагы бийчилердин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

«Бул өңдүү иш-чаралар аркылуу биз заманбап бийлерди өнүктүрүп жатабыз. Бизде letsdance.newera аттуу заманбап студиябыз бар. Аны Жан Воинов негиздеген. 

Бийчилер үчүн мастер класстарды уюштуруп турабыз. Хореографтарды, калыстарды чакырып, тажрыйба менен бөлүшүп, жаш муунду үйрөтүп келебиз», — дейт ал.

Иш-чаранын алкагында Freestyle (эркин стиль) боюнча 2х2 форматында экиге эки чыккан бийчилердин, Hip-hop pro жана Popping багыттары боюнча жеке бийчилердин жарыштары болду.

Башкы жарыш деп эсептелген Freestyle (эркин стиль) боюнча таймашка алгач 40 жуп каттоодон өткөн. Алардын ичинен биринчи күнү 16 жуп иргелип алып, жарым финалга чыккан. Ал эми экинчи күнү жарым финалдын жеңүүчүлөрү аныкталды. Алар өлкө атынан Францияда өтө турган финалга катышат. Аларга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Францияга барганга учак билетин алып берет. Министрлик мындай колдоосун үч жылдан бери көрсөтүп келет.

Ошондой жеке бийчилердин жарышында алдыңкы орундарды алгандарга акчалай сыйлык каралган.

Кыргызстандын атынан бул тандоо таймаштарына Oma менен EMA каймана аттары менен чыгып жаткан эгиз бир туугандар катышты. Алар буга чейин эки ирет тандоо турун жеңип, Париждеги финалга катышып келген.

Жарыш алдында бир тууган бийчилер быйыл да жеңишке жетип, Парижге барууну көздөп жатканын билдиришти.

 

«Биз даярбыз. Алга Кыргызстан! Кудай буйруса, биз жеңебиз деп үмүт кылабыз. Бирок биздин атаандаштарыбызга кенебестик кылбайбыз. Себеби биз аларды билебиз, алар мыкты бийчилер», — деди алар.

Чимириле бийлеп, кыймылы менен көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан бийчилердин таймашы колдоо-сүрөөн менен өттү. Алгач таймаш жекеме жеке чыккан бийчилер жарышса, алардан кийин 2х2 форматында жуп бийчилердин таймашы болду. Натыйжада Hip-Hop pro стилинде Axelito менен EMA, Popping боюнча Bobek менен Maliqua жеңүүчү болду. Ал эми Freestyle боюнча башкы жарышта эгиз бир туугандар Oma менен EMA жеңип, үчүнчү жолу Кыргызстандын атынан Франциядагы Fusion Concept фестивалынын финалына бара турган болду.

Бийчилерди шык-жөндөмүнө баа берген калыстардын үчөө Франциядан, бирөө Кореядан келген. Ошондой кыргызстандык бийчи Жан Воинов алардын катарында калыстык милдетти аткарды.

Франциялык калыстардын бири Fusion Concept фестивалынын негиздөөчүсү Канон Зузуа болду. Ал Кыргызстандагы заманбап бий менен алектенгендердин өнөрү артып, жылдан жылга жакшырып жатканын белгиледи.

«Биринчи жолу келгенге караганда азыркысында бийчилердин деңгээли өсүптүр. Учурда Франциядагы бийчилер менен бир деңгээлге жетип калыптыр», — деди ал.

Эскерте кетсек, Fusion Concept 2009-жылы франциялык бийчи Канон Зузуа тарабынан негизделген. Ал Freestyle стилиндеги жарыштар боюнча дүйнөдөгү алгачкы жана абройлуу эл аралык жарыш болуп саналат.

Башкы сүрөт: Гүлжан Турдубаева

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>