Кыргызстандык ишканаларга Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү берилди

Кыргызстандан Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттоо мүмкүнчүлүгү ачылды. Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды каттай баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолот. Бул категориядагы товарлар үчүн, жаңы (свежий) продукциялардан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.
Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын тизмесине тоңдурулган кулпунай, малина, алча, алма, алмурут жана башка жемиштер кирди.
Кыргызстан ишканаларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти аныкталды. Министрлик ата мекендик ишканаларды каттоодон өтүү жана экспорттук жеткирүүлөрдү даярдоо иштерин активдештирүүгө чакырат.
Министрлик тарабынан экспорттоочуларга Кытай рыногуна чыгуу боюнча консультациялык колдоо көрсөтүлөт.