Ишкерлер Астанада өтүүчү “Борбор Азия+Кытай” форумуна чакырылды

22.05.2025 | 10:12

КРнын Улуттук инвестициялык агенттиги кыргызстандык ишкерлерди 2025-жылдын 16-июнунда Астана шаарында (Казакстан) өтө турган “Борбор Азия + Кытай” эл аралык бизнес-форумуна катышууга чакырууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчылары, эл аралык эксперттер жана бизнес өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын максаты – инвестиция тартуу, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана түз бизнес байланыштарды түзүү.

Форумдун программасында:

  • Панелдик сессиялар,
  • Инвестициялык долбоорлордун презентациясы,
  • B2B форматындагы жолугушуулар,
  • Логистика, энергетика, агробизнес, туризм жана санариптештирүү боюнча секциялар камтылат.

Каттоо жана кошумча маалымат үчүн байланыш: Ботояров Максатбек – +996 222 012 000

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top