19-23-май күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары Орусиянын Ногинск шаарында өткөн эл аралык машыгууга катышышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Аталган машыгууга Кыргызстан, Орусия, Беларусия жана Азербайжандан келген куткаруучулар өзгөчө кырдаалдар шартында өз аракеттерин көрсөтүшүп, биргелешкен машыгууларды өткөрүшкөн. Анда ар тармактуу кесип ээлери: куткаруучу, кинолог, химик, суучул, биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгерлер өздөрүнүн адистигине жараша тажрыйбаларын бөлүшүп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүшкөн.
«Алар эки күн ичинде жер титирөөнүн оор кесепеттерин жоюу чараларын алып барышты. Машыгуунун сценарийи боюнча Алтай аймагында 7 баллдык жер титирөө катталып, очогу 100 миңге жакын адам жашаган калктуу шаарга туш болгон. Натыйжада инфраструктуралар катуу жабыркап, көптөгөн кеңсе имараттары, турак үйлөр, коомдук жайлар, ишканалар кыйраган. Имараттардын кооптуу кырдаалдарга туш келгендигине байланыштуу көчөлөрдү жабууга туура келген. Ал эми куткаруучу адистер заманбап техникаларды жана жабдууларды колдонуу менен өз ара кызматташтыкта иш алып барууга даярдыктарын көрсөтүштү»,- деп айтылат маалыматта.
Министрлик мындай эл аралык машыгуулар ар кайсы мамлекеттен келген куткаруучулардын башын бириктирүү менен тажрыйба алмашуу, жаңыча ыкма менен иштөө, андан ары да тереңдетүү, өз ара аракеттенүүдөгү билим деңгээлди күчөтүү жана уюштурууга өбөлгө түзөрүн билдирди.