Кыргызстандык куткаруучулардын эки адамды аман куткарган видеосу 

12.02.2023 | 11:53

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандылардын алдынан 7 жаштагы баланы аман куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-февраль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы төрөлгөн бала куткарылды.

«Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып,  туугандарына берилди», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, кыргызстандык куткаруучулар 11-февралда уранды алдынан 22 жаштагы кош бойлуу келинди аман-эсен куткарып алышкан.

Окуя Кахранмараш шаарындагы “Баалыжан” районунда саат 19:21 чамасында болгон.

Буга чейин кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында бузулган имараттардын алдынан 6-күн дегенде бир адамды куткарышкандыгы маалымдалган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top