Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар бир адамды аман куткарышты (видео)

Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар бир адамды аман куткарышты (видео)

Кыргызcтандык куткаруучулар Түркияда урандылардын алдынан бир адамды аман-эсен куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Кахраманмараш шаарында бузулган имараттардын алдынан 6-күн дегенде бир адамды куткарышкан.

“11-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:30-03:00 аралыгында Кыргызстандын куткаруучулары издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн бөлүнгөн тилкесинде урандыларынын астынан аман калган адам чыгарылды. Бул кубанычтуу окуя Түркиянын Кахраманмараш шаарынын «Он эки субхат махаласи» аталган шаар аймагында болду. Куткарылган адам ошол кыйраган имараттын 5-кабатында жашаган 16 жаштагы Түркия жараны экени айтылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 20 мин 213 киши каза тапты.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

12-февралда Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт.

Буга чейин ӨКМ кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандылардан 27 кишинин сөөгүн таап чыккандыгын маалымдаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>