Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жөнөттү — сүрөт

Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жөнөттү — сүрөт

Бүгүн, 12-февралда “Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, узатуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Куткаруучуларды узатып жаткан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлдү.

Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, ӨКМ Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.

Учурда Түркияда Кыргызстандын 67 куткаруучусу куткаруу иштерин жургүзүүдө. Алар урандылардын астынан 16 жаштагы баланы, 22 жаштагы кош бойлуу кызды жана 7 жаштагы баланы аман-эсен куткарышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>