Кыргызстанда 2030-жылга чейин Орусиянын катышуусу менен өзөктүк медицина борборун куруу пландалууда

11.02.2026 | 12:19

Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Орусиянын билим берүү жана клиникалык уюмдарында ординатурада окуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда тараптар нейрохирургия, онкология, кардиохирургия, акушердик жана гинекология, анестезиология жана реаниматология, неонатология, педиатрия, генетика жана лабораториялык диагностика сыяктуу талап жогору багыттар боюнча кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле кыргызстандык дарыгерлер үчүн Орусиянын алдыңкы медициналык жана илимий борборлорунун базасында стажировкаларды жана квалификацияны жогорулатуу программаларын уюштуруу маселеси каралды.

Мындан тышкары, тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну талкуулашты:

  • Дарылануу үчүн квоталар: Кыргызстандын жарандарына Орусиянын ооруканаларында жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн квоталарды бөлүү тажрыйбасы улантылат.
  • Өзөктүк медицина: Кыргызстанда өзүнүн циклотрондук-радиофармацевтикалык өндүрүшү бар өзөктүк медицина борборун түзүү долбоору каралды. Бул багытта 2026-жылы долбоорлоо иштерин баштоо жана 2030-жылга чейин курулушту аяктоо пландалууда.
  • Тажрыйба алмашуу: Эки өлкөнүн адистеринин катышуусунда биргелешкен хирургиялык операцияларды жана жогорку технологиялык медициналык кийлигишүүлөрдү жүргүзүү макулдашылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Scroll to Top