Кыргызстандык окумуштуу Орусиянын илимдер академиясынын мүчөсү болуп шайланды

Кыргызстандык окумуштуу Орусиянын илимдер академиясынын мүчөсү болуп шайланды

Кыргызстандык окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Омор Касымов Орусиянын илимдер академиясынын Медициналык илимдер бөлүмүнүн курамына шайланды. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

«Бул кыргыз адисинин дүйнөлүк илимге кошкон салымын олуттуу таануу», деп билдирди аталган борбор.

Омор Касымов Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын Илимге эмгек сиңирген ишмери болуп саналат.

Белгилей кетсек, Орусия Илимдер академиясынын Жалпы жыйынында жаңы академиктерди, мүчө-корреспонденттерди жана чет өлкөлүк мүчөлөрдү шайлоо 28-30-майда болуп өткөн. Анда кандидаттар бир нече ай бою кылдат кароодон өтүшкөн.

Чет өлкөлүк мүчөлөрдүн арасынан ийгиликтүү шайланган 39 окумуштуунун катарында Кытай, Венгрия, Италия, АКШ, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин өкүлдөрү бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>