Кыргызстандык окуучулар Балкан олимпиадасында 5 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар Балкан олимпиадасында 5 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар 42-Балкан математикалык олимпиадасында 5 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-30-апрелде Сараево шаарында (Босния жана Герцеговина) 42-Балкан математика олимпиадасы (BMO 2025) өттү.

Олимпиадага 23 өлкөдөн 143 окуучу катышты. Жыйынтыгында алты окуучудан турган Кыргызстандын командасы бир күмүш, төрт коло медаль утту.

Катышуучулардын жыйынтыктары:

  1. Бобрус Ян – күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 9-классынын окуучусу.
  2. Эшперов Нурсултан – коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
  3. Капаров Нурдөөлөт – коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
  4. Киргизбаев Назар – коло медаль, Бишкек шаарындагы №61 АФММЛ ОК 11-классынын окуучусу.
  5. Султан Мусаходжаев – коло медаль, Бишкек шаарындагы №70 мектептин 9-классынын окуучусу.
  6. Асанкадыров Айдин – катышуучу, Бишкек шаарындагы №61 АФММЛ ОК 11-классынын окуучусу.

Бардык окуучулар – Улуттук математика олимпиадасынын жеңүүчүлөрү. Олимпиадага даярдаган тренери – Мамат Ишматов.

Кыргызстан бул олимпиадага жетинчи жолу катышууда. Кыргызстандын окуучулары жалпысынан бул олимпиадада 12 медаль утушкан, анын ичинен 2025-жылы 5 медалга 2024-жылы 4 медалга ээ болушкан.

Эскерте кетсек, Балкан математика олимпиадасынын максаты таланттуу окуучуларды математика тармагында колдоо жана өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөрдүн мектеп программалары жана тажрыйбасы боюнча маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, ошондой эле Эл аралык математика олимпиадасына (IMO) даярдык көрүү жана тажрыйба алуу болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>