Кыргызстандык окуучулар биология боюнча олимпиадада 7 медаль алышты
Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы (AIBO)биология боюнча Эл аралык олимпиадада 7 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Алардын көпчүлүгү “Сапат” лицейинин окуучулары.
Күмүш медаль ээлери:
– Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу;
– Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейинин окуучусу;
Коло медаль ээлери:
– Арсений Виноградов, Жайыл баатыр атындагы Кара-Балта лицейинин окуучусу;
– Азирет Анварбеков жана Нурсултан Нусувалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучулары;
– Алан Кошмуратов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу;
– Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 лицейинин окуучусу.
Белгилей кетсек, 9-14-июнь күндөрү Бухара шаарында өткөн эл аралык олимпиадага 18 өлкөдөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.