АКШда төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүнКыргызстандын ИДПсы 8,8%га өстүЖибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатКыргызстандык ишканаларга Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү берилдиБишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө ачылдыЧерногориянын вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Кыргызстандык парадзюдочу эл аралык мелдеште коло тагынды
24.08.2023 | 12:47
Кыргызстандык парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы Бирмингем шаарында (Улуу Британия) өтүп жаткан IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу таймашка 48 кг салмакта катышкан. Биринчи айлампада ал аргентиналык дзюдочуга жеңилген. Экинчи айлампада колумбиялык атаандашын ипон ыкмасы менен жеңип алды.
Коло медаль үчүн беттеште бразилиялык спортчуну жеңген.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш көрүүсү начар спортчулар арасында биринчи жолу өтүп жатат. Жалпы 70 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу катышууда.
Мелдеш 17-август күнү башталган, 27-август күнү жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз