Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды
Бишкекте ууру Honda Fit’ти айдап качкан учур видеого түшүп калган
24.08.2023 | 12:17
Бишкекте унааны уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-августта болжол менен саат 05:00до белгисиз адамдар шаар тургунунун үйүнүн жанында токтотулуп турган Honda Fit унаасын уурдап кеткен. Бул боюнча унаанын ээси милицияга кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомотоунаа каражатын айдап качуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы О.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция кызматкерлери уурдалган унааны таап, ээсине кайтарып берген.
Учурда кармалган адамдын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз