УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышатБишкекте ШКУнун экологиялык мекемелеринин жыйыны башталды
Кыргызстандык саякатчы Эверестке велосипед менен жөнөп кетти
06.08.2025 | 17:40

Кыргызстандык Дурусбек Эрнусбек уулу дүйнөдөгү эң бийик чокулардан болгон Эверестке жетүүнү максат кылып, өзгөчө саякатка аттанды. Ал бул жолду велосипед менен басып өтүүнү чечкен.
Дурусбек 24-июлда Бишкек шаарынан чыккан. Учурда ал Тажикстандын борбору — Душанбе шаарында. Маалыматка ылайык, ал эртең Афганстанга багыт алып, андан соң Пакистан жана Индия аркылуу өтүп, акыркы багыты болгон Непалга жетүүнү көздөөдө.
Анын максаты — Эвересттин базалык лагерине жетүү. Бул лагердин деңиз деңгээлинен бийиктиги 5364 метрди түзөт. Саякатчы бул жолду болжол менен үч айда, тагыраагы октябрь айында аяктоону пландап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар