ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кыргызстандык сегиз ымыркайдын ата-энесине 200 миң сомдон берилет
25.10.2022 | 20:57
Кыргызстандын жети облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир убакта төрөлгөн сегиз ымыркайдын ата-энесине 200 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Бериле турган сумманын аныктамасын балдардын ата-энесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тапшырат.
Байсалов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолукту.
Ал 16 жашка чыкканда 11,5 миллион сомго жакын акча ала турган жети миллионунчу жаранга депозиттик эсеп ачуу үчүн президенттин атынан бир миллион сомдук сертификат тапшырды. Мындан тышкары баланын ата-энесине 200 миң сомдук сертификат тапшырылат.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар