Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Кыргызстандык самбочу дүйнө чемпионатында коло медаль утту
17.10.2022 | 10:54
Кыргызстандык спортчулар 14-16-октябрда Ереван шаарында (Армения) өткөн самбо боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу маалымат самбо боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалат.
Маалыматка караганда, турнирге 23 өлкөнүн самбисттери катышты.
Мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы боюнча 14 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды: спорттук самбо боюнча өспүрүм кыздар жана уландар арасында.
Коло медалды 50 килограммга чейинки салмак ченинде Канышай Аманкулова жеңип алды.
Эске салсак, биринчи күнү Кыргызстандын курамасы 11 медаль, экинчи күнү дагы беш медалга ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт