Г. Айтиев атындагы музей көргөзмө үчүн экспонаттарды кабыл алуудаКыргызстанда МТЗ тракторлорун чыгаруучу завод куруу пландалуудаБазар-Коргон районунда сугат скважинасы ишке берилдиАбактагы Кунакуновго Ала-Арчада каза болгон уулунун тажыясына барууга уруксат берилдиУКМК Нарын районунда 1346 гектар катталбаган жерди аныктадыБШК президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо тартибин түшүндүрдү
Караколдо 12,9 млн сомго беш даараткана курулат
17.10.2022 | 10:19
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 12 млн 939 миң сомго беш коомдук даараткана куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендер 14-октябрда жарыяланып, арыздар 19-октябрга чейин кабыл алынат.
Дааратканалар шаардын Парковая көчөсүндө, Тагай бий сейил багында, Тыныстанов менен Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, Токтогул Асаналиев көчөсүндө (сейил бакта) жана Пушкин атындагы сейил бакта салынмакчы.
Ар бир даараткананын курулушуна 2 млн 587,8 миң сомдон каралган.
Тендер Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан жарыяланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом