Быйыл тогуз айда Соцфонддун кирешеси 11,8 млрд сомго көбөйдү

Быйыл тогуз айда Соцфонддун кирешеси 11,8 млрд сомго көбөйдү

Быйыл тогуз айда Социалдык фонддун бюджетинин жалпы кирешеси 57 млрд 428,8 млн сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу ал 125,9%га же 11 млрд 821,5 млн сомго көбөйдү.

«Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 36 млрд 374,2 млн сомду түзүп, белгиленген план 1 млрд 34,2 млн. сомго көп же 102,9%га аткарылды. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 130,3%га же 8 447,9 млн. сомго өстү.

Аскер кызматчыларына пенсия төлөп берүүгө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттардын түшүшү 20 млрд 623,2 млн сомду түздү», – деди Улан Жума уулу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: соцфонд

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>