Кыргызстандык жаш футболчулар Россиядагы мелдешке катышууда

02.12.2022 | 18:15

Чүйдөгү мектеп-интернатынын тарбиялануучулары Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан кичи футбол боюнча мелдешке катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1-декабрда «Санкт-Петербургдагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик шаарча» Спорт борборунда «Мектепте кичи футбол» бүткүл россиялык долбоорунун финалынын алкагында балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары арасында кичи футбол боюнча XIX эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстандан барган команда менен бирге Санкт-Петербург, Ленинград, Тверь облустарынын, Курск, Иркутск жана Россиянын башка шаарларынын командалары катышууда.

“Турнирдин биринчи күнүндө Кыргызстандын жаш футболчулары Санкт-Петербургдун командасы менен беттешип, жыйынтыгында 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Турнир ушул жылдын 1-декабрынан 4-декабрына чейин өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары жаш футболчулар үчүн Санкт-Петербургдун кооз жерлери менен тааныштыруу, ошондой эле СКА – Динамо Минск хоккей оюнуна жана «Питерлэнд» аквапаркына алып баруу сыяктуу маданий программаны караштырган”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 167476,167477,167478″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top