Интернет аркылуу радикалдашуунун алдын алуу жолдору айтылды

Интернет аркылуу радикалдашуунун алдын алуу жолдору айтылды

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарында “Зомбулуктуу экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бүтүндөй стратегиялык коммуникация” программасынын  “Глобалдык медиаборбор” долбоорунун алкагында “Ойлон. Сак бол!”  медиакампиясынын бет ачары болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Коопсуздук кеңешинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери,  эл аралык уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул медиакампаниянын максаты – онлайн радикалдашууну алдын алуу жана Кыргызстандын бардык жарандарына киберталаадагы коркунучтар туралуу эскертүү. Башында уюштуруучулар тарабынан аталган медиакампаниянын максаттары жана актуалдуулугу түшүндүрүлүп, интернет аркылуу азгырылып кеткен жарандардын тагдырларын чагылдырган, экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттерин, аларды алдын алуунун жолдорун түшүндүргөн видеороликтер көрсөтүлдү.

Иш-чарада зордук-зомбулук камтылган экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык байланыш тармагындагы алдыңкы эксперттер баяндама жасашып, экстремисттер колдонгон ыкмалар жана стратегиялар, онлайн азгыруулардын кесепеттери жана зордук-зомбулук камтылган экстремизм жана терроризм идеяларынын жайылышын алдын алуудагы жалпыга маалымат каражаттарынын ролу тууралуу кыскача айтып беришти.

Өз кезегинде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү  боюнча кызматынын кызматкери, милициянын полковниги Манас Аманбаев сөз сүйлөп, бул маселеге коомчулук дагы кайдигер мамиле кылбастан, колдоо көрсөтүү керектигин баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө ааламдашуу процессинде интернетти туура эмес колдонуу бир эле Кыргызстандын аймагында гана эмес, бүт мамлекеттердин көйгөйүнө айлынап жатат. Бул медиакампаниянын алкагында жаштарга туура жолду көрсөтүү, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу максатында туура маалымат берүү боюнча бир нече видеороликтерди биргеликте даярдадык. Себеби, интернеттеги маалыматты колдонууда туура ойлонуп, тыкыр талдоо жүргүзүп, керектүү гана маалыматты албастан, экстремисттик агымдарга дагы азгырылып кеткендер да болууда. Ички иштер  министрлиги жана башка укук коргоо органдары экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүгө күчү жеткени менен радикалдашууну алдын алууда сөзсүз түрдө коомчулуктун колдоосуна, кайдыгер болбогон мамилесине муктаж. Анткени, экстремизм маселеси бардык жерде көйгөйлүү маселе бойдон калууда”, — деди Манас Аманбаев.

Иш-чаранын аягында катышуучулар тарабынан узатылган суроолорго жооптор берилип, бул кампаниянын мындан ары дагы улантылышы боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 2017-2022-жылдарга өкмөттүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу  жана 2022-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында өткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>