Кыргызстандык жаш футболчулар Россиядагы мелдешке катышууда

Кыргызстандык жаш футболчулар Россиядагы мелдешке катышууда

Чүйдөгү мектеп-интернатынын тарбиялануучулары Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан кичи футбол боюнча мелдешке катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1-декабрда «Санкт-Петербургдагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик шаарча» Спорт борборунда «Мектепте кичи футбол» бүткүл россиялык долбоорунун финалынын алкагында балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары арасында кичи футбол боюнча XIX эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстандан барган команда менен бирге Санкт-Петербург, Ленинград, Тверь облустарынын, Курск, Иркутск жана Россиянын башка шаарларынын командалары катышууда.

«Турнирдин биринчи күнүндө Кыргызстандын жаш футболчулары Санкт-Петербургдун командасы менен беттешип, жыйынтыгында 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Турнир ушул жылдын 1-декабрынан 4-декабрына чейин өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары жаш футболчулар үчүн Санкт-Петербургдун кооз жерлери менен тааныштыруу, ошондой эле СКА – Динамо Минск хоккей оюнуна жана «Питерлэнд» аквапаркына алып баруу сыяктуу маданий программаны караштырган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>