Кыргызстандык жөө күлүктөр Таиландда өтө турган жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаны катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 12-16-июль күндөрү Бангкок шаарында өтөт. Кыргызстандан бул жарышка 4 спортчу катышат.
Курама команданын тизмеси:
— Нурсултан Кеңешбеков;
— Мусулман Жоломанов;
— Тимур Исаков;
— Сабина Батаджиева.
Курама команда улук машыктыруучу Татьяна Ефименко жана машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз