ИИМдин Ички аскерлеринин жарым жылдык иши боюнча жыйын өттү

ИИМдин Ички аскерлеринин жарым жылдык иши боюнча жыйын өттү

Кечээ, 7-июлда ИИМдин Ички аскерлеринде күжүрмөн даярдык, аскердик тартип, аскер кызматы, күжүрмөн кызмат боюнча 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жыйынга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин кол башчылыгынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жетекчилери, жер-жерлердеги аскер бөлүктөрдүн командирлери катышкан.

Ыкчам кеңешмеде республикабыздын түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактарында орун алган аскер бөлүктөрүнүн командирлери, кол башчылыктын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн башчылары өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат беришкен.

«Отчет бергендер укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш чаралардан тышкары, күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүктүн деңгээли жана өздүк курам үчүн көрүлүп жаткан шарттар, күзгү-кышкы мезгилге даярдык, алдыга коюлган тапшырмалар тууралуу кенен баяндама беришти. Ошол эле учурда ийгиликтер менен катар кемчилдиктерге да кенен баа берилип, аларды жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрү, анын жыйынтыгы жыл аягында карала тургандыгы эскертилди», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>