Кыргызстандыктар 8 баллдык жер титирөөгө даярдануудабы? ӨКМ жооп берди

Кыргызстандыктар 8 баллдык жер титирөөгө даярдануудабы? ӨКМ жооп берди

Улуттук илимдер академиясы жана Сейсмология институтунун билдирүүсүндө Кыргызстандын аймагында очогонда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталат. Жер титирөөнүн эң чоң очогу Сокулук районунда катталары күтүлүүдө. Мындай билдирүүлөр соцтармакта тарап жатат.

ӨКМ социалдык тармактарда туура эмес маалымат тарап жатканын билдирди.

«Урматту Сокулук районунун тургундары!

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иш-аракеттеринин даярдыгын жогорулатуу максатында штабдык машыгуу өткөрүлүдө. Бул пландын негизиндеги 2020-жылга даярдык. Үстүбүздөгү жылдын 5-6-март күндөрү боло турган штабдык машыгуу башталды. Штабдык машыгуунун темасы: “Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана келип чыккан шартта ЖК башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш-аракеттери.

Бүгүнкү күндө, Сокулук району боюнча абал туруктуу өзгөчө кырдаалдар катталган жок», — деп маалымдады ӨКМ.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>