“Кыргызстандын 100 лидер айымына” күбөлүктөр тапшырылды

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен “Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасынын алкагында алгачкы эки топтун катышуучуларына күбөлүктөр тапшырды.
Программа президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 7-мартындагы жарлыгынын негизинде иштелип чыгып, аким, мэрлердин орун басарлары, жергиликтүү кеңеш төрайымдары жана айыл өкмөт башчылары сыяктуу кызматтагы жана кадрлар резервиндеги аялдар үчүн үч айлык окутууларды камтыйт.
Катышуучулар гендердик теңчилик, аялдардын лидерлигин колдоо, жоопкерчиликтүү аталык, санариптик трансформация сыяктуу темаларда билим алышты. Эми алар өз пландарын аймактарда ишке ашырат. Жакында үчүнчү топко катышуучуларды тандоо башталат.