Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Кыргызстандын 6 окуу жайы Азиядагы мыкты университеттердин катарына кирди
07.11.2024 | 10:32
2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кыргызстандын 6 окуу жайы Азиядагы мыкты университеттердин катарына кирген:
- Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун);
- Ош мамлекеттик университети (260-орун);
- Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
- Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети (333-орун);
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (381-орун);
- Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом