Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Ашууларга кар жаады, абал кандай?
07.11.2024 | 10:12
Транспорт министрлиги ашууларга кар жааганын жана ал жактагы абал тууралуу маалымат берди.
Министрлик Төө-Ашууда кар жаап жатканын, буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына электигин билдирет. Жеңил унаалар үчүн жол ачык. Атайын унаалар жолду кардан тазалап, жумушчулар кум себүүдө.
Ушундай эле жумуштар Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында аткарылып жатат. Жол ачык.
Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында да кум чачуу иштери жүрүп жатат. Каттам бар.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар.
Министрлик айдоочуларды карама-каршы тилкеге чыкпоого, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом