Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча курама командасы Уфа шаарында Риф Гайнановдун элесине арналган эл аралык турнирде байгелүү орунга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандыктар 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.
Алтын утуп алгандар:
— Айболот Аманов, 75 кг,
— Баяман Мыктыбеков, 100 кг,
— Айжан Анарбекова, +76 кг.
Күмүш уткандар:
— Толубай Шүкүров, 62 кг,
— Бактияр Мирлан уулу, +100 кг,
— Адинай Алмазбекова, 76 кг.
Коло байгесинин ээси:
— Азизхан Мусабек уулу, 82 кг.
Машыктыруучу — Тамчы Эсенбек уулу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз