Кыргызстандын билим берүү министри жана ЕБ элчиси билим берүү тармагындагы реформаларды талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаеванын Европа Биримдигинин өлкөдөгү элчиси Реми Дюфло менен жолугушуусу болуп өттү. Министр мектептик билим берүү системасынын масштабдуу трансформациясы, анын ичинде окуу программаларын жаңылоо, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоо жана жаңы демилгелерди киргизүү тууралуу маалымат берди. Ал жаңыланган билим берүү стандарттарынын жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынганын белгилеп, иштин кийинки этабын — педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнү белгиледи.
ЕБ элчиси 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн маанилүүлүгүн балдардын келечегине болгон инвестиция катары баса белгилеп, өз ара аракеттенүү үчүн жумушчу топтордун форматына оң баасын берди. Ал ошондой эле Twinning программасынын мүмкүнчүлүктөрүн эске салып, Евробиримдик билим берүү реформаларын колдоого даяр экенин ырастады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформа жүргүзүүгө келишим» долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мугалимдер жана окуучулар үчүн чет тилдер боюнча окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.