Садыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жайгашкан Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, анын инфекциялык бөлүмүнүн курулушунун жүрүшүн текшерди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, эки кабаттуу имараттын курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Курулуш үстүбүздөгү жылы аяктап, бөлүм медициналык жабдуулар менен камсыз болот.
Президентке мекеменин аймагына курула турган поликлиниканын, лабораториянын жана медицина кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайлардын долбоорлору тааныштырылган. Курулуш министри Нурдан Орунтаев аталган объектилердин долбоордук-сметалык документтери даярдалып, жер тилкелери аныкталганын маалымдаган.
Сапардын алкагында өлкө башчы медицина кызматкерлери менен жолугушуп, аларды социалдык колдоо маселелерин талкуулаган. Жолугушууда эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатуу пландары тууралуу да айтылган.