Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 2020–2024-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында иш алып барган 160 кен казуучу компания тарабынан мамлекеттик бюджетке жалпы 147,5 миллиард сомго жакын салык төлөмдөрү түшкөн.
Аталган сумманын басымдуу бөлүгү алтын өндүрүүчү компаниялардын үлүшүнө туура келет.
Тактап айтканда, 2020-жылы бул тармактан 16,9 миллиард сом түшсө, 2021-жылы – 21,6 миллиард сом, 2022-жылы – 41,1 миллиард сом (рекорддук көрсөткүч), 2023-жылы – 32,5 миллиард сом, ал эми 2024-жылы – 35,4 миллиард сом салык чогултулган. Жалпы жонунан 2020–2024-жылдары алтын өндүрүүчү ишканалардан бюджетке 158 миллиард сомдон ашуун сумма түшкөн.
2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, кен казуучу компаниялардан кошумча 10,8 миллиард сом бюджетке которулган.
Мамлекеттик салык кызматы бул көрсөткүчтөрдү тармактагы фискалдык көзөмөлдүн күчөтүлүшү жана ишканалардын салыктын төлөнүшү боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткаруусу менен байланыштырат.