Ошто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынат
Кыргызстандын элчиси Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды
17.06.2025 | 17:32
11-июнда Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Айбек Молдогазиев Американын Президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуу учурунда элчи Молдогазиев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.
Ошондой эле ал өз ара кызыкчылык жараткан тармактар боюнча кыргыз-америка мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
АКШнын Президенти Дональд Трамп эки өлкө ортосундагы туруктуу жана достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле жалпы күн тартибин илгерилетүүгө болгон ниетин белгиледи. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири багыттары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.
Рубрики: Жаңылыктар