Кыргызстандын эркин күрөш боюнча 11 балбаны рейтингдик мелдешке катышат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча 11 балбаны рейтингдик мелдешке катышат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча 11 балбаны Албаниядагы Muhamet Malo рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш Тирана шаарында 26-февралдан 2-мартка чейин болуп өтөт. Ага Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча балбандардан Бекзат Алмаз уулу, Абдумалик Карачов, Алмаз Сманбеков (57 кг), Бекболот Мырзаназар уулу, Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Билол Шарип уулу, Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Өмүрбек Таалайбек уулу (70 кг), Орозобек Токтомамбетов (74 кг), Мухаммад Абдуллаев жана Бекзат Рахимов (86 кг) барат.

Эскерте кетсек, ушул эле мелдешке Кыргызстандын 18 грек-рим балбаны катышат. Балбан кыздардан эч ким барбайт.

Кыргызстандын 18 грек-рим балбаны Албаниядагы мелдешке катышат. Кимдер барат?

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>