Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогун «Мурас» жеңди

Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогун «Мурас» жеңди

Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандын футзал ассоциациясынын эл аралык кубогун «Мурас» командасы жеңди.

Финалдык оюнда “Steelex” жана “Мурас” кез келип, оюндун негизги убактысы 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды. Экстра-таймда да (5 мүнөттөн турган кошумча эки тайм)  командалар жеңүүчүнү аныктай албады.

Ал эми 6 метр аралыктан пенальти тебишүүдө «Мурастын» оюнчулары жеңишке жетип, Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогун «Мурас» командасы утту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>