Кыргызстандын хоккей курамасынын 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугундагы атаандаштары белгилүү болду

Кыргызстандын хоккей курамасынын 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугундагы атаандаштары белгилүү болду

Келерки жылы Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Исландия, Жаңы Зеландия, Болгария жана Кытайдын Тайбэй командалары менен беттешет.

2025-жылы Кыргызстандын командасы үчүнчү дивизиондун командаларынын турниринде ойногон (А тайпасы). Турнир 21-апрелден 27-апрелге чейин Түркияда өтүп, Кыргызстандын командасынын ишенимдүү жеңиши менен аяктап, алтын медаль багындырып, 2026-жылга экинчи дивизионго (В тайпасына) жолдомо алды.

Учурда Жаңы Зеландияда 2025-жылкы II дивизиондун (В тобу) турнири өтүүдө. Турнирдин жыйынтыгында Грузия курамасы 5 беттештин баарында тең жеңишке жетип, экинчи дивизиондун А тайпасына өтсө, Таиланд курамасы 5 беттештен тең утулуп, үчүнчү дивизионго («А» тайпасы) кайтып келди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасынын дагы бир атаандашы экинчи дивизиондун (А тайпасы) командаларынын турниринин жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>