Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Исаев Асеин Кусеинович Кыргызстандын Индиядагы элчиси, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Бангладеш Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз