Бишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулатБишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алынды
Айдоочулардын эсине! Ош — Бишкек жолуна чектөө кирди
31.10.2022 | 18:59
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн, 31-октябрь күнү Бишкек — Ош унаа жолунда бороон болуп жана жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 15:45тен тартып, Жайыл районунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
“Урматтуу айдоочулар!
Алыскы сапарга чыккан учурда унаага керектүү дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары кутучасы менен камсыз болуңуздар! Ошондой эле унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар!”- деп эскертти министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом