Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздар көп? Статистика

01.03.2023 | 09:46

Быйылкы жылдын 1-январына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түздү, бул 2022-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 0,6%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Ведомствонун маалыматына караганда катталган жумушсуздардын саны 74,7 миң адамга же 1,7%га азайган.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,3%ы аялдар. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8 пайызды түздү.

Аймактар боюнча катталган жумушсуздардын саны

– Жалал-Абад облусунда 19,74 миң

– Ош облусунда 17,56 миң

– Баткен облусунда 13,49 миң

– Бишкек шаарында 6,27 миң

– Чүй облусунда 5,16 миң

– Ысык-Көл обулсунда 3,73 миң

– Талас облусунда 3,19 миң

– Ош шаарында 3,07 миң

– Нарын облусунда 2,48 миң.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top