Депутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?Чүйдө жаранды 17 миң долларга алдоого шектелип эркек киши кармалдыБишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады2025-жылы билим берүү жана илим тармагына 78,3 млрд сом багытталган
Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алары айтылды
01.03.2023 | 09:06
Кыргызстандыктар март айындагы майрамдарга байланыштуу 5 күн эс алышы күтүлүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарына ылайык, Кыргызстанда 8-март жана 18-21-март күндөрү дем алыш күндөр болуп белгиленген.
Алсак, бул 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө жана 18-21-март күндөрү Нооруз майрамына байланыштуу.
Ошондой эле, 5-январдагы иш күнү 11-марттагы дем алыш күнүнө которулган. Мындан улам 11-март ишемби күнү иш күн болуп эсептелинет. Ал эми 25-марттагы дем алыш күнү 6-январдагы иш күнүнө которулган.
Эске салсак, кыргызстандыктар 1-январдан 9-январга чейин эс алышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом