Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздар көп? Статистика

Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздар көп? Статистика

Быйылкы жылдын 1-январына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түздү, бул 2022-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 0,6%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Ведомствонун маалыматына караганда катталган жумушсуздардын саны 74,7 миң адамга же 1,7%га азайган.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,3%ы аялдар. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8 пайызды түздү.

Аймактар боюнча катталган жумушсуздардын саны

— Жалал-Абад облусунда 19,74 миң

— Ош облусунда 17,56 миң

— Баткен облусунда 13,49 миң

— Бишкек шаарында 6,27 миң

— Чүй облусунда 5,16 миң

— Ысык-Көл обулсунда 3,73 миң

— Талас облусунда 3,19 миң

— Ош шаарында 3,07 миң

— Нарын облусунда 2,48 миң.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>