Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышат

02.04.2026 | 16:40

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы IIHF 2026 дүйнө чемпионатына (II Дивизион, В тайпасы) катышат. Мелдештер 6-апрелден 12-апрелге чейин Болгариянын София шаарында өтөт.

Команданын башкы машыктыруучусу болуп Айваз Халиков дайындалды. Ал Татарстан Республикасы менен кызматташуу меморандумунун алкагында келген. Ага машыктыруучу Адил Алменов жардам берет.

Курама команданын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Артем Васильев, Александр Петров.
  • Коргоочулар: Эрназар Исаматов, Антон Кудашев, Адилет Нуралиев, Егор Лещенко, Берен Дубанаев, Алихан Калчаев, Денис Попов, Кузьма Терентьев, Дмитрий Шумаков, Тимофей Широков.
  • Чабуулчулар: Исламбек Абдыраев, Алихан Али-Аскаров, Мамед Сейфулов, Ерсултан Мирбеков, Султан Исманов, Умар Эсенов, Абдумалик Сапитов, Шер Шамшыбеков, Александр Титов, Захар Бем.

Оюндардын графиги (София убактысы боюнча):

  • 6-апрель, 20:00: Кыргызстан — Болгария
  • 7-апрель, 16:30: Кытай Тайбэйи — Кыргызстан
  • 9-апрель, 16:30: Исландия — Кыргызстан
  • 11-апрель, 13:00: Кыргызстан — Израил
  • 12-апрель, 16:30: Жаңы Зеландия — Кыргызстан

Кыргызстандын курамасы тайпада биринчи орунду ээлеп, IIA Дивизионуна көтөрүлүүнү максат кылууда. 2022-жылдан бери команда төрт жылдын ичинде үч ирет дивизиондук деңгээлин жогорулаткан. 2025-жылы Стамбулдагы чемпионатта алтын медаль утуп, II Дивизиондун В тайпасына жолдомо алган. 2022-жылдан бери команда расмий 19 беттештин 18инде жеңишке жеткен.

Scroll to Top