Кыргызстандын Кытайга төлөй турчу карызы ушул жылдын аягына чейин токтотулду

Кыргызстандын Кытайга төлөй турчу карызы ушул жылдын аягына чейин токтотулду

Кыргызстан 2020-жылы төлөй турчу тышкы карыздарды кийинки жылга калтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизинде бир катар макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-апрелде Финансы министрлиги менен «Чоң жыйырма» өлкөлөрүнүн, Борбордук банктын жетекчилиги тарабынан жакыр мамлекеттердин (Кыргызстан дагы бар) тышкы карызын токтото туруу демилгеси каралган. Анын алкагында «Чоң жыйырма», Париж клубу, Эл аралык валюталар фонду жана Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого ээ болду.

Бул демилгенин алкагында Кыргызстан эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө бардык эки тараптуу кредиторлор (Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду,  Франция Республикасы, Германия Федеративдүү Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы, Япония) менен макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары Кыргызстандын Кытайга болгон карызын үстүбүздөгү жылдын аягына чейин токтото туруу боюнча макулдашуу болду. Учурда мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>