Кыргызстандын мамлекеттик криптобиржасы Coin National Exchange өзүнүн товардык белгисин каттады. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, Coin National Exchange 42,5 миң сом өлчөмүндө комиссия төлөгөн.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 24-январында Кыргызстанда биринчи мамлекеттик Улуттук крипто биржасы ачылган.
Анын жалгыз ээси Финансы министрлиги.
Ишкана ачык акционердик коом катары катталган жана Юстиция министрлигинин реестрине киргизилген. Аны ишке киргизүүгө бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн.
Биржанын жетекчиси болуп Бийболот Мамытов дайындалды. Ал буга чейин негизги максат – заман агымына туруштук берүү жана дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик криптовалюталык биржалардын бирин түзүү экенин билдирген.
”Бул багыт акыркы жылдары активдүү өнүгүүдө. Бул бүткүл дүйнө карай бара жаткан жаңы багыт, Кыргызстанды алдыңкы мамлекеттердин катарына кошсок абдан жакшы болмок. Бизде мамлекет кичинекей, бирок эбегейсиз зор потенциал жана мүмкүнчүлүктөр бар”,-деп айткан ал.