БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кыргызстандын мектептери онлайн тартипте окууга которулду
13.12.2023 | 09:11
Өлкөдөгү катуу ызгаардуу суукка байланыштуу мектептер онлайн тартипте окууга которулду. Бул тууралуу Reporter’го Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Окуучулар 3 күн, 13-14-15-декабрда сабакка онлайн катышат.
Министрликтин чечими азыр гана белгилүү болгондуктан, балдар мектепке барып алышкан.
Ата-энелердин айтымында, айрым мектептер онлайн окуу боюнча эч кандай буйрук жоктугун айтып балдарды үйгө жөнөтпөй жатышат.
Билим берүү министрлигинин буйругу жакынкы саатта сайтына илинет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим