Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылы башталды
01.09.2025 | 10:40

Бүгүн өлкө боюнча мектептерде жаңы 2025/2026-окуу жылы башталып, Биринчи коңгуроо кагылды.
Билим берүү министрлиги маалымдагандай, алгачкы сабактардын темалары төмөнкүчө болду:
- 1-класстар үчүн: «Мен мектепке бара жатам — билимдин кенчи!»;
- 2–4-класстар үчүн: «Менин сүйүктүү мектебим — гүлдөгөн Мекеним!»;
- 5–9-класстар үчүн: «Мен ким болгум келет жана бул жагынан “жаңы” мектеп мага кандай жардам берет?»;
- 10–11-класстар үчүн: «Келечектин билими: “Алтын казык” программасы мага эмне берет?».
Министрлик белгилегендей, “Алтын казык” программасы билим берүү системасын модернизациялап, 12 жылдык мектеп форматына өтүүнү көздөйт.
Быйыл 200 миңден ашык биринчи жана экинчи класстын окуучулары алгачкы жолу партага отурушту. Республика боюнча 2 394 мектеп бар, анын 224ү — жеке менчик. Жалпы 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алууда, аларга 93 миңден ашык мугалим билим берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом