Нафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтыкДарыгерлер пайда көрүү үчүн Индияга орган алмаштырууга жөнөтүп жатышатМайлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалды
Бишкекте пластикалык хирург Максуд Кадыров кармалды
01.09.2025 | 11:05

Бишкекте пластикалык операция жасаган хирург Максуд Кадыров милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык тармакта анын аракетинен 40ка жакын аял жапа чеккени тууралуу кайрылуу тараган. Түшкөн арыздардын негизинде хирург камакка алынган.
Мындан тышкары, өлкөгө косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабанда жолу менен ташып келип саткан адамдар аныкталды. Милиция 12ден ашык даректи тинтип, тиешелүү сертификаты жок ири көлөмдө косметологиялык каражаттарды тапкан. Ошондой эле лицензиясы жок косметологиялык кызмат көрсөткөн бөлмөлөр жоюлду.
“Экономикалык контрабанда” беренеси боюнча алты аял кармалганын ИИМ маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар