Кыргызстандын ооруканалары жана бейтапканалары 1-январдан 9-январга чейин кандай иштейт? График

30.12.2025 | 12:11

КР Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылдын 30-декабрынан 2026-жылдын 9-январына чейинки аралыкта медициналык жардамдын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн республиканын медициналык мекемелери иштөөнүн өзгөчө графигине өткөнүн билдирет.

2025-жылдын 30–31-декабры:
Бардык саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн тартипте иштейт. Медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөтү жана кызматтардын шашылыш жана кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө толук даярдыгы каралган.

2026-жылдын 1–9-январы:

  • Стационардык жардам: Кечиктирилгис жардам күнү-түнү көрсөтүлөт. Шашылыш жаткыруу (госпитализация) үчүн орундардын резерви даярдалып, дары-дармектердин, медициналык буюмдардын жана кан компоненттеринин зарыл кору түзүлдү.
  • Амбулатордук деңгээл (ҮДБ, ҮДТ, ЖДПБ): Үй-бүлөлүк дарыгерлердин, медайымдардын жана кабылдамалардын (регистратура) саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөтү уюштурулду. Процедуралык кабинеттер саат 14:00гө чейин иштейт.
  • Шашылыш кызматтар: Республика боюнча Тез жардам кызматы, санитардык авиация, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери жана лабораториялар дем алышсыз, күнү-түнү иштөөнү улантат.

Саламаттык сактоо министрлиги тутумдун медициналык жардамды толук көлөмдө көрсөтүүгө даяр экенин тастыктайт жана жарандарды зарыл болгон учурда тармактык саламаттык сактоо уюмдарына өз убагында кайрылууга чакырат.

Scroll to Top